Кыргызстандык жаш илимпоз Жаңы Зеландиядагы илимий конференцияда 1-орунду жеңди

Билим АКИpress - Кыргызстандык жаш илимпоз Сейитбек Тилековдун «Социалдык тармактарга берилүүнүн студенттердин эске тутуу жөндөмү менен академиялык жетишкендиктерине тийгизген таасири» аттуу баяндамасы Жаңы Зеландияда өткөн эл аралык конференцияда «Эң мыкты баяндама» деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынан билдиришти.

Кыргыз илимпозу «Глобалдашкан Түштүк жана Түндүк: Коммуникация жана маданий перспективалар» аттуу конференцияда журналистика жана коммуникация тармагы боюнча баяндама жасаган 200 катышуучунун ичинен озуп чыккан. Кыргызстандан Жаӊы Зеландиядагы илимий конференцияга Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынын вице-президенти, доктор Элира Турдубаева, ассоциациянын мүчөлөрү Сейитбек Тилеков жана доктор Регина Жаманкулова барышкан.

«Жалпысынан Кыргызстандан бул конференцияга 20 баяндама кабыл алынган. Тилекке каршы, көпчүлүк баяндамачылар түрдүү себептер менен конференцияга бара албай калышты. Ошондуктан алардын 11 баяндамасын Кыргызстандан барган үчөөбүз окудук. Сейит Тилековдун баяндамасы 200 катышуучунун арасынан 1-орунга суурулуп чыгып, сыйлык алышы Кыргызстан үчүн эле эмес, бүтүндөй пост-совет өлкөлөрү үчүн да чоӊ жеӊиш жана сыймык!», - деди Э.Турдубаева.

Аталган эл аралык конференцияны Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация ассоциациясы жана Бизнес Коммуникаторлор ассоциациясы уюштурушкан. Ага жалпысынан 22 өлкөдөн 300 илимпоз катышты.

Конференцияга катышкан өлкөлөр: Армения, Австралия, Бельгия, Канада, Кытай, Финляндия, Гуам, Индия, Италия, Япония, Казахстан, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Нигерия, Нидерланды, Жаӊы Зеландия, Филиппин, Россия, Сингапур, Улуу Британия жана АКШ.

Буга чейин, 2017-жылы Бишкек шаарында Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация ассоциациясынын 34 жылдыгына карата «Дүйнөлүк конфликттер жана жакырчылык: Коммуникация, маданият жана резолюция» аттуу эл аралык конференция ийгиликтүү өткөн. Иш-чараны Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынын төрайымы, доцент Алтын Асанова жана ассоциациянын негиздөөчүсү Э.Турдубаева өткөрүшүп, ага 33 өлкөдөн 103 илимпоз келип катышкан эле.

Конференциянын алкагында Э.Турдубаева Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация ассоциациясынын Азия чөлкөмүндөгү вице-президенти болуп дайындалган.

Маалымат үчүн: Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясы (ККА) 2016-жылы негизделген. Ага Кыргызстандагы журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, телерадио жана кино факультеттеринин окутуучулары мүчө болуп катталган. ККА журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, жалпы коммуникация тармагы боюнча илимий конференция, симпозиум, семинар, тегерек столдорду өткөрүү менен биргеликте ЖОЖдор үчүн окуу китептерин жазуу иштерин жүргүзүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up