Жараксыз аттестаттар. 3 кызматкер иштен кетип, үчөө сөгүш алды

Билим АКИpress - Кочкор районунун Туз айылындагы 24 бүтүрүүчүнүн аттестатынан грамматикалык ката табылган. Алар алмаштырылды. Бул тууралуу 15-июлдагы маалымат жыйында «Учкун» басмаканасынын директору Даир Кенекеев билдирди.

Анын айтымында, «среднюю реднюю» деп жазалган сөз үчүн бөлүм башчы кызматынан кетип, анын эсебинен аттестаттар кайрадан басылып чыгарылган.

Ошондой эле Кенекеевдин сөзүнө караганда, «жөнүндөгү» деген сөздөгү ката үчүн («н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы колдонулган) 3 кызматкер өзүнүн арызынын негизинде жумуштан бошотулуп, дагы үчөөнө сөгүш жарыяланган. «Бирок бул катага эч ким доомат коё элек. Эгер бирөө-жарым суранса, басмакана алмаштырып берүүгө даяр» - деди ал.

Кенекеев келишим 6-июнда гана түзүлүп, аттестаттар 14-июнда бериле баштаганын айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматы тарабанын өткөрүлгөн тендерге ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги жана «Учкун» басмаканасынын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлгөн.

«Бул келишимге ылайык биз 222 миң аттестат, күбөлүк жана аттестаттардын сыртын даярдаганбыз», - деди Кенекеев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up