«Менин апам – мугалим»: Кыздарына ардактуу кесипти өткөрүп берген ажы-мугалим Б.Ысманованын 50 жылдык эмгеги

Бүүширин Ысманова
Бүүширин Ысманова

Бүүширин Ысманова 50 жылдык өмүрүн окуучуларга билим берүүгө арнап, учурда ардактуу эс алууга чыккан. Анын өз кесибине жасаган аяр мамилеси, ишмердүүлүгү, жетишкендиктери тууралуу кызы Бүүмайрам Бурханова айтып берди.

Б.Бурханова да Бужун гимназия-мектебинде математика мугалими болуп эмгектенет.

«Менин апам 1950-жылы 5-апрелде Баткен районунун Зардалы айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бир эне, бир атанын жалгыз кызы. Кичинесинен өгөй энесинин колунан тарбия алып чоңойгон. Салима таенем колунан көөрү төгүлгөн, берешен, эмчи-домчу аял эле. Ал апама өзүнүн мыкты өнөрлөрүн үйрөткөн.

ХХ кылымдын ортосунда тоо-ташта жашаган кыргыз элин жер-жерлерге отурукташтыруу башталып, Зардалы айылы Баткен районунун Кара-Бак айылына көчүрүлгөн. Колхоздоштуруу-совхоздоштуруу мезгилинде апам жаңы мектепти аяктаган экен. Совхоздон сельсоветтер өз каражатына бир топ бүтүрүүчүлөрдү Фрунзе шаарына окууга жөнөтүшкөн. Таятам молдо болгондуктан, апам окууга кыздар менен качып кетиптир. Бирок таятам сабаттуу, кат тааныган молдо болгондуктан, «заманына жараша жаштар билим алсын, өкмөт окутам десе каршылыгым жок» деген экен.

Ошентип, менин апам Фрунзе шаарынын Маяковский атындагы кыз-келиндер (И.Арабаев атындагы КМУ) институтунун орус тили факультетине 1968-жылы кабыл алынган. Бирок орус тилинен кыйналганда башталгыч класстар факультетине которулуп, 1973-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган.

1-курсту бүтүргөндөн кийин турмушка чыгып, атам Жолдош Бурханов менен бирге окуп, студенттик мезгилдин даамын татышкан. Атам Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Экөө чогуу окуу жайды бүтүп келишип, Кара-Бак айылындагы Орджоникидзе атындагы орто мектепте мугалимдик кесибин башташкан.

Апам өз кесибин сүйүп, чыгармачылык изденүү менен иштеп, тез эле эл оозуна алынган педагог, 4 баланын сүйүктүү энеси болду.

Эсимде, апам ар дайым эртеден кечке чейин мектепте болор эле. Бизди көбүнчө чоң энем карачу. Өз кесибин сүйүп иштеген, берилүү менен сабак өткөн мугалим окуучуну шыктандырат эмеспи. Көпчүлүк ата-энелер Ысманова Бүүширин эжеке окутсун деп, балдарын классына киргизип кетишер эле. Ата-энелердин ишеничине, тандоосуна ээ болгон апамдын атын ата-энелер элге тааныткан. Апам ата-энелердин ишеничин актап, жан дили менен окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берип, талыкпай эмгектенип келди.

Апамды жаш жеткинчектерге билим-тарбия берүүдө өз тажрыйбасын жайылтып, сабак өтүү усулдарын мыкты билген чыгаан, изденгич мугалим десем жаңылбайм. 1985-жылдары адабий окуу сабагынан магнитофондон жомокторду, ырларды уктуруп, техникалык каражаттарды колдонуп, терезелерди кара кездемелер менен жаап, кыргыз тили сабагынан көнүгүүлөрдү, математикадан геометриялык фигураларды доскага чагылтуу менен билим берчү.

Баткен районунун борборунда жайгашкан В.Ленин атындагы орто мектепте мугалимдердин август кенешмесинде «Баткен районунун тоолорунда өсүүчү дары чөптөр» деген темада көргөзмө семинар өткөрүлүп, анда 1-орунду жеңип алган.

1989-жылдары алгачкы жолу класс жетекчи болгон. Ушул классты «Аманашвилинин таяныч сигналдары» ыкмасы менен окутуп бүтүргөн. Бул ыкма окуучуларга сылык мамиле менен сабак өтүү, баланын оюн эркин коюу, башынан сылоо, эркелетүү дегенди түшүндүргөн. Балдарды сырткы жаратылышка алып чыгып, көргөн-билгендерин класста талкуулоо, сүрөт тарттыруу менен мугалим окуучунун ички дүйнөсүн ачат. Окуучулар өз ойлорун ачык айтып, кубанычын, кайгысын апам менен тең бөлүшүп турушкан. Мындай ыкма менен өтүлгөн сабак окуучунун мугалимден коркуу сезимин жоготуп, өз оюн ачык айтууга үндөгөн.

Менин апам канчалаган эл сыймыктанган уул-кыздарды тарбиялап, алтын уядан учурду.

2000-жылы Б.Нарматов атындагы орто мектептен башталгыч класстар бөлүнүп чыгып, Б.Байназаров атындагы башталгыч мектеп болуп түзүлдү. 2011-жылдан баштап апам 1-класстарды заман талабына ылайык окутуунун жаңы ыкмасы «Куррикулум» менен эң алгачкылардан болуп окута баштады. Мектепте жаш мугалимдерге «Куррикулум» боюнча семинар өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келди.

2014-жылдан баштап «Бирге окуйбуз» долбооруна катыша баштады. Апам бул мектепте жаш мугалимдерге эң мыкты насаатчы, эң мыкты класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу, тажрыйбалуу мугалим болуп калды.

2016-жылы жалгыз уулу Махмарасул ишкердик менен тапкан кирешесине атам менен апамды ажылык сапарга жөнөтөр алдында күнү-түнү ойлонуп, окуучулардын билими төмөндөп кетпесин деп, ордуна татыктуу мугалим издегени али да эсимде. Алланын буйругу менен атам менен апам ажыга барып келишти. Биздин үй-бүлө мугалимдердин династиясынан куралган. Анткени атам, апам, эжем, сиңдим жана мен — баарыбыз мугалимбиз. Мен мугалимдик кесип менен сыймыктанам.

2019-жылы 25-майда менин алтын апам айылыбыздын ардактуу ажы мугалими болуп, ак мектеби, сүйүктүү жамааты менен коштошуп кетти. Ошондой эле мектептин китепканасына «Бирге окуйбуз» долбоорунун негизинде өз салымын кошуу максатында түрдүү жомок китептерин белекке калтырды.

Өмүрүнүн 50 жылын жаш жеткинчектерге билим-тарбия берүүгө арнап, жаңычыл усулдар менен ар дайым өз билимин жогорулатуунун үстүндө, тажрыйбасын жаш мугалимдерге жайылтуу максатында иштеп, учурдун талабына жараша билим берип, ар дайым алдыңкы мугалим болуп келе жатканы үчүн мен апам менен сыймыктанып келем. Мен сүйүктүү апамды кыргыз элинин чыныгы баатыр педагогу, Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Дүйшөндүн мектебинен билим алып, аты алыска тараган Алтынайы деп билем. Ал эми бирге иштеген кесиптештери «Крупская» деп атап келишти.

Жарым кылым өмүрүн билим берүү тармагына арнаган апамдын эмгегин эл баалады. Көптөгөн грамоталардын, дипломдордун, сертификаттардын, ыраазычылык каттардын ээси болду. Билим берүүдөгү жетишкендиктерин, эмгегин баалап, Кыргыз ССРинин Эл агартуу министрлиги тарабынан 1984-жылы 18-октябрда «Улуу мугалим» наамы ыйгарылган. 2002-жылы 20-сентябрда «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасын алган. Мындан сырткары, окуучулары апама арнап жүрөктөн чыккан ырларды жазышкан. Окуучулардын жазган ырлары «Классташ» гезитине жарыяланып турган.

Менин апам — билим үрөнүн сепкен мугалим. «Мугалим — мөмөлүү дарак» дегендей, апамдын мугалимдик жашоосу өзүнчө бир чоң дарак сыяктуу. Мотурайган жаш бөбөктөргө тамга таанытып, жазууну үйрөтүү, аларды чоң жолго алып чыгып, турмуштан өз ордун табууга жол көрсөтүп, бактылуу жашоого умтултуп, адам кылуу максатында бүт өмүрүн билим-тарбия берүүгө арнады», - деп айтып берди Бүүмайрам Бурханова.

Сиз дагы мугалим апаңыз тууралуу жазып, Билим АКИpress сайтына жөнөтсөңүз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up