Лондондук миллиардер Балыкчыдагы өзү билим алган мектепке жардам берүүдө. Сүрөт

Билим АКИpress - Ысык-Көл районунун Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы орто мектебинде баскетбол жана футбол аянтчалары курулуп жатат.

Мектеп директору Инна Насыбулина билдиргендей, 1984-жылы мектепти бүтүрүп кеткен Юрий Шефлер «Большая перемена» кайрымдуулук фондун түзүп, азыркы кезге чейин билим уясына жардам көрсөтүп келет. Ал өзү Лондондо жашайт.

Учурда фонд мектепти оңдоп-түзөө иштери үчүн 56 млн сом бөлдү.

«2017-жылы фонд мектептин ашканасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 5 млн 800 сомго эмеректерди жана жабдууларды алып берген. Ошондой эле башталгыч класстар үчүн 1,5 млн сомго гимнастика залын жасап беришкен болчу. 2018-жылдын август айында 16 млн сомго 10 бөлмөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Андан тышкары, 2018-жылы 18 млн сомдон ашык каражатка фонд жер төлөнү жасоого жардам берген. Ал жакта устакана, темир устаканасы, чарба жүргүзүү классы жайгашкан. Ошондой эле фонд тигүүчү машиналарды, жыгач материалдарын иштетүүчү шаймандарды алып берген.

2018-жылы ноябрь айында мектептин айланасын жашылдандыруу иштери башталып, спорт аянтчалары оңдолгон. Азыр чуркоо жолчолорун орнотуу иштери жүрүп жатат», - деп айтып берди Насыбулина.

Ошондой эле мектеп 1 млн 216 миң сомдук 40 компьютерлерди күтүүдө. Аларга дагы каражат «Большая перемена» фондунан бөлүнүп берилген.

Мектеп 960 орунга ылайыкташтырылган, бирок анда учурда 1 миң 500 окуучу билим алууда.

«Алдыда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштешүү, электрондук күндөлүк жана электрондук китепкана системаларын киргизүү, ошондой эле турникет орнотуу пландары турат. 2016-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тосмо орнотуп берсе, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептин эски имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 11 млн сом бөлүнгөн.

ЖМКда Юрий Шефлер Орёл шаарында төрөлгөнү тууралуу жазалган. Анын апасы астма дартына чалдыгып, дарыгерлер климатты өзгөртүү керектигин сунушташат. Ошондо анын үй-бүлөсү Балыкчы шаарына көчүп келишкен.

Мектепти бүтүргөндүгүнүн 22 жылдыгына карата Шефлер «Аврора» пансионатында иш-чара уштуруп, ага классташтарын, мугалимдерин жана россиялык ырчыларды чакырган.

SPI Group директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Шефлер Forbes журналынын «Россиянын эң бай 200 бизнесмени-2019» рейтинги боюнча 60-орунда турат. SPI Group арак жана алкоголдук ичимдектерди өндүрүү менен алектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up