Ошто кытай тилин өздөштүргөндөрдүн саны өсүүдө

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда 18-июль күнү Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулунун жардамчысы Хань Мин Юй менен Конфуций институтунун кыргыз тараптагы ректору Токтосун Айтикеевдин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада институттун буга чейинки жетишкендиктери, ички потенциалы тууралуу кененирээк маалыматтар берилип, кытай тилин өздөштүрүүдөгү институттун ролу жөнүндө сөз болду.

Т.Айтикеев Конфуций институту Кытай менен көп жылдардан бери тыгыз иштешип келе жатканына токтолду. «Биздин окуу жай ачылгандан бери миңдеген студенттерди Кытайга окууга жөнөттүк. Кытай мамлекетинен келген мугалимдер менен жергиликтүү мугалимдер өз ара тажрыйба алмашып иштешет. Бул окуу жайда бир гана кытай тили үйрөтүлбөстөн, жалпы кыргыз элинин каада-салты, тарыхы да окутулат. Жылдан-жылга кытай тилине болгон кызыгуу жаштар арасында күчөп бара жатат», - деди ал.

Т.Айтикеев Конфуций институту дүйнө жүзүндөгү эң ийгиликтүү окуу жайлардын бири болуп саналарын кошумчалады. Институт Кытай өлкөсү менен Кыргызстандын маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле Конфуций институту ОшМУдагы студенттерди кытай тараптын каржылоосу менен окууга жөнөтөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up