Жаш чемпион: Байкесин Е.Шевченко машыктырып баштаганда Айтегиндин спортко кызыгуусу пайда болгон

Айтегин Айбеков
Айтегин Айбеков

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы колледждин бүтүрүүчүсү — 18 жаштагы Айтегин Айбеков 7-классынан бери спорт менен машыгып келет. Ал бир катар эл аралык жана республикалык мелдештердин жеӊүүчүсү болгон. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

«Кичинекей кезимде байкем самбо менен машыкчу. Ал үйгө келгенде күрөшүп жатып калчубуз. Кийин байкем Елена Шевченконун колунда машыгып баштаганда, мен муай-тайга кызыгып калдым. 7-классымда Бекболсун Советбеков агай биздин мектепке тай боксу боюнча машыктыруучу болуп келди. Ошендо спорт залга жызылып, машыгып баштагам.

Тай боксу боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болуп, 2016-жылы 48 кг салмакта Кыргызстандын кубогун жеңгем. 2017-жылы ушул эле салмакта «Жемчужина Кыргызстана» мелдешинде 1-орунду, 2018-жылы ушу саньда боюнча мектеп окуучулары арасындагы эл аралык мелдеште 1-орунду, 2018-жылы республикалык турнирде 48-50 кг салмак категорияда 1-орунду алгам.

Быйылкы «Жемчужина Кыргызстана» мелдешине спорттун 2 түрү: тай боксу жана мушташ боюнча катышып, экөөндө теӊ алдыңкы орунду алдым», - деп айтып берди ал.

Айтегин машыгуу учурундагы эсте калган кызыктуу окуяларын да эскерди.

«Эсте калган окуялар көп. Машыгып жаткан учурда каршылашым менен спарринг кылып жатканбыз. Бир маалда ал мени көтөрүп чапканда колум сынып, ооруканага түшүп калдым. Ошол кезде апам мага үйдө белек даярдап коюп күтүп отурган экен. Машыктыруучум апама телефон чалып, «ийне саюуга аллергиясы жокпу?» деп сураптыр. Апам «жок» деп, эмне болду деп сарсанаа болуптур.

Машыктыруучум менен үйгө келдик. Ошентип, апам мага белек кылбай эле, мен апама колум сынып белек болгом. Кээде ушул окуяны эстеп күлүп калабыз», - деди жаш спортчу.

А.Айбеков 2001-жылы 18-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Ата-энемдин кичи мекени — Жалал-Абад облусу. Өзүм 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу байкем жана эжем бар. Турмуштун өйдө-төмөндүгүнөн ата-энем чогуу жашабай калышкан. Кичинекей кезимден эле апам, байкем, эжем болуп эмгектенип келе жатабыз, Аллага шүгүр, баары жакшы.

Бишкек шаарындагы №69 Т.Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс гимназияда окуп, 9-класстан соӊ КУАУнун колледжине баргам. Аны быйыл бүттүм. Ушул жашка чейин көптөгөн нерселер баштан өтүп, жашоонун ысык-суугуна бирдей чыдап, кеӊ келечек үчүн чыйралдык.

Келечек али астыда. Көптөгөн максаттарым бар. Кудайым буйруса, акырындан жетип келе жатам. Биринчи максатым — Кыргызстандын желегин чет мамлекеттерге таанытуу!», - деди Айтегин.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up