Соң-Көл жайлоосундагы «Бөбөктай» бала бакчасына заманбап канцелярдык буюмдар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы «Бөбөктай» жайлоо өнүктүрүү борборуна канцелярдык буюмдар тапшырылды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдиргендей, жайыт комитеттеринин жардамы менен балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу максатында бир катар жайлоолордо жайлоо өнүктүрүү борборлору ачылган.

«Бөбөктай» бала бакчасынын алкагында Соң-Көл жайлоосунда ачылган жайлоо өнүктүрүү борборуна Нарын мамлекеттик университетинен келген педагогика илиминин доценти Илмира Шерматова балдардын логикалык эс-тутумун ойгото турчу заманбап үлгүдөгү канцелярдык буюмдарды тапшырды. Ал кичинекей бөбөктөр менен баарлашып, жомок окуп берип, инновациялык усулдарды камтыган мастер-класс өтүп берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up