Жумгалдагы окуучулар убактылуу кармоочу жайды көрүп келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери окуучуларды ички иштер бөлүмүнүн иши менен тааныштырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу убактысын туура өткөрүү, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, жол эрежелерин сактоо максатында окуучуларга ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Окуучулар Жумгал РИИБдин имаратында болуп, ар бир кызматкердин иш бөлмөлөрү менен таанышып, убактылуу кармоочу жайды көрүштү. Ошондой эле алар кызыккан суроолоруна жооп алып кайтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up