БАУдагы жайкы лагерде 54 окуучу эс алууда

Билим АКИpress - Борбордук Азия университетинин Нарын кампусундагы жайкы лагерде 54 окуучу эс алып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, балдарга арналган мындай иш-чара БАУда бешинчи жолу уюштурулууда. Жайкы лагерде академиялык даярдыктагы үч жумалык программанын негизинде англис тилинен 50 саат, математикадан 35 саат билим берилет.

Учурда лагерде Кыргызстандан, Казакстандан жана Тажикстандан келген 9-класстын 54 окуучусуна англис тили окутулууда. Окутуунун жүрүшүндө тестирлөө жана класстан тышкаркы сабактар өткөрүлөт. Мындан тышкары, программанын алкагында окуучулар «Салкын-Төр» эс алуу жайында болушуп, Ысык-Көлгө барышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up