Бишкек гуманитардык университети жаңы макам алды
Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги өкмөттүн атынан Бишкек гуманитардык университетин Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети деп өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.
2019-жылы БГУда бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн: Россия менен Кыргызстан ректорлорунун форуму, Кытай менен биргеликте эл аралык билим берүү форуму өтүп, заманбап Кытай китепканасы ачылды.
Аталган жогорку окуу жай Кытайдын Синьцзян, Ганьсуй, Пекин ж.б. университеттери менен кызматташат.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×