«Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү Таласка экскурсияга барып келишти

Билим АКИpress - «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын республикалык турунда 1-орунду камсыз кылган Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин «Нур» тобунун окуучулары Талас облусуна экскурсияга барып келишти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гүлнара Мамбетиманова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы 8 жылдан бери уюштурулуп келет. «Окуучулар «Манас» эпосун окуу менен кыргыз элинин салт-санаасын, үрп-адатын үйрөнүп, мекенчилдик сезимдери күчөп, китеп окууга кызыгуусу артарын көрдүк. Быйылкы жылы мектеп окуучулары арасындагы «Манас таануу» сынагын Жогорку Кеңеш колдоп, байге фонду кыйла көбөйгөнү кубанарлык көрүнүш.

Сынактын республикалык турунун жеӊүүчүлөрү июль айында Талас облусуна барып келишти. Алардын катарында Чүй облусунун намысын коргоп, республикалык турда 1-орунду камсыз кылган Аламүдүн районунун О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин окуучулары, даярдаган мугалими Иманкулова Зыйнаш да болду.

Зыйнаш Эсенкуловнанын Манас дүйнөсүнө аралашканына 6 жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта ал даярдаган 4 команда республикалык турдан байгелүү орундарды камсыз кылып келишти.

Жеңген командалар менен бирге Жогорку Кенештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин сектор башчысы Чатыркүл Бекишова, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, КТРКнын «Баластан» телеканалынын жетекчиси Кундуз Аманова, белгилүү манасчы Рысбай Исаков, «Манас таануу» сынагынын башкы редактору, жаш манасчы Нурбек Талантбеков жана башкалар барышты.

Уюштуруучулар тарабынан программа эӊ кызыктуу тузүлгөндүктөн, эки күн кантип өткөнүн билбей да калдык», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up