Кыргыз эл мугалими Асан Заркунов 83 жаш курагында дүйнө салды

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Кыргыз эл мугалими, филология илимдеринин кандидаты, Манас таануучу Асан Заркунов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

А.Заркунов 1936-жылдын 6-апрелинде Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1952-жылы орто мектепти аяктап, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

1959-жылы Куйбышев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим, андан соң директору болуп иштеген. 1998-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыккан. Жаш муундарга терең билим, татыктуу тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери, мектепти жетектөөдөгү уюштуруучулук мыкты жөндөмү менен таанылган А.Заркунов чыгармачылыкта күчтүү калемгерлердин катарын толуктаган.

1977-жылы «Сыйкырдуу ариптер» аттуу повесттер жыйнагы жарык көрүп, «Жоокердин ыры», «Жоогазындар гүл ачарда» пьесаларын жазган. Улуу манасчылардын көч башында турган Тыныбек Жапый уулу, санжырачы, акын, комузчу Актан Тыныбек, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Муса Баетов, Жумамүдүн Шералиев жөнүндөгү макалалары республикалык гезит-журналдарга жарыяланган.

2001-жылы жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана кыргыз адабияты мугалимдерине арналган «Тыныбек манасчы» аттуу монографиясы жарык көргөн. «Актан Тыныбек уулунун Манас айтуу керемети», «Теңири Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү варианты, «Чоң Манасчы Тыныбек жана анын мурастары» аттуу эмгектери жарык көргөн.

Чыгаан мугалимдин эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» жана «СССР эл агартуусунун отличниги» төш белгилери менен сыйланды. 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», 2004-жылы «Кыргыз эл мугалими» ардактуу наамдары ыйгарылган. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up