«Менин апам – мугалим»: Ак-Талаадагы бала бакчанын башчысы Зинабүбү Жакыпованын көп жылдык эмгеги

Зинабүбү Жакыпова Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагындагы «Нур-Эл» бала бакчасынын башчысы болуп эмгектенип келет. Ал билим берүү тармагында жараткан ийгиликтери үчүн бир катар сыйлыктарга татыган. Анын эмгектери тууралуу кызы Мээрим Айтбаева айтып берди.

«Менин апам 1954-жылы 1-мартта Кара-Бүргөн айылында туулган. 1962-жылы Жеңиш орто мектебине кирип, 1972-жылы 10-классты бүтүргөн. 1974-75-жылдары Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө катчы-машинист болуп эмгек жолун баштаган. Ушул эле жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика факультетине кабыл алынып, 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1975-77-жылдары Ак-Талаа райондук коммунисттик партиясында китепканачы, 1977-78-жылдары Фрунзе шаарындагы Айыл чарба министрлигинде машинист, 1978-1982-жылдары Кыргыз Совет энциклопедиясында редактор,1982-жылы Жаңы-Тилек орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим, 1983-88-жылдары Ак-Талаа райондук коммунисттик партиясында китепканачы, Ломоносов орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеген.

1991-жылы Ак-Чий башталгыч мектебинин башчысы, 1992-жылы Ак-Чий толук эмес орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, 2002-2011-жылдары М.Балбаков атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. 2011-жылдан бери Ак-Чий айыл аймагындагы «Нур-Эл» бала бакчасынын башчысы болуп эмгектенип келе жатат.

Ак-Чий толук эмес орто мектебинде окуу бөлүм башчысы болуп иштеп турган мезгилде балдарга билим-тарбия берүүдө эң жакшы жетишкендиктери үчүн 1996-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына жана «КР Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисине татыган. 2001-жылы XXI кылымдын кадрларын даярдоодо даңктуу аракеттери үчүн диплом менен сыйланып, агартуу кызматкерлери арасында өткөрүлгөн кароо-сынакта район боюнча «Алдыңкы башталгыч класстар мугалими» наамын жеңип алган.

Жаш муундарга татыктуу тарбия, билим берүүдө жетишкен ийгиликтери жана үзүрлүү эмгеги үчүн 2001-жылы облустук билим берүү бөлүмүнүн, 2006-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, 2007-жылы Тил мыйзамын ишке ашыруу максатында «Тоголок Молдо акындын асыл мурасы — кыргыз тилин жана адабиятын өнүктүрүүдө көөнөрбөс кенч», Ш.Бейшеналиевдин «Көркөм сөз чебери», 2014-жылы «Болот калем» аттуу кароо-сынактарда 2-орунду ээлеген.

2008-жылы Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Мыкты мугалим» наамы ыйгарылып, 2012-жылы Ак-Чий айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилген. 2016-жылы Эл аралык мугалимдер күнүнө карата келечектин ээлерин тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги жана агартуу тармагына кошкон салымы үчүн Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланган. 2016-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору тарабынан «Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери» курсунда жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыкка татыган. Ошондой эле 2018-жылы «Данакер Лингво» маданий-илимий коому тарабынан «Мыкты жетекчи» наамы ыйгарылды.

2018-жылы октябрь айында М.Балбаков атындагы орто мектебинде Зинабүбү Жакыпова атындагы автордук кабинет ачылган.

Апам 4 баланын апасы жана 12 неберенин мээримдүү чоң апасы», - деп айтып берди М.Айтбаева.

Сиз дагы мугалим апаңыз тууралуу жазып, Билим АКИpress сайтына жөнөтсөңүз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up