«Газпром» мектебине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

// АКИpress

Билим АКИpress - «Газпром» мектебине коомдук жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Мындай сунушту Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 31-июлдагы кезексиз жыйында колдошту.

Жыйында түшүндүрүшкөндөй, аталган мектеп токтом долбооруна киргизилип, ал билим берүү объектиси эмес, мүлк комплекси деген аталышты алат.

«Биз аны мүлк комлекси катары кабыл алабыз», - деди БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров.

Андан тышкары, депутаттар мектептин камкорчулук кеңешине БШКнын өкүлүн киргизүүнү сунуш кылышты. Ошондой эле аталган кеңештин курамына Билим берүү жана илим министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү кирет.

Депутаттар мектеп мүлктүк комплекс деп аталганына байланыштуу юристтер тиешелүү терминологияны иретке келтирүүсү керектигин белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up