Нарындагы информатик мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатышты

Билим АКИpress - БАУнун алдындагы үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде Нарын жана Ош облустарындагы 26 мектептен келген 50 мугалим компьютердик сабаттуулук боюнча атайын окуудан өтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мугалимдер окуу мезгилинде 4 модуль боюнча компьютердик сабаттуулук менен компьютердин негиздери боюнча билим алышты. Ошондой эле жаңы программалар менен иш алып барууну үйрөнүштү.

Буга чейин республика боюнча 50 мектеп тандалып алынган. Аларда 10 окутуу борбору уюштурулуп, 1 миң мугалим жана 27 миң окуучуну окутуу каралган. Учурда Нарын облусунда 11 мектеп тартылып, 2 мектепте тестирлөө борбору ачылды. Акыркы 1,5 жылда 4 миң окуучу окутулуп, 67 мугалим окуудан өткөндүгү тууралуу сертификатка ээ болгон.

«Жакында окуудан өткөн 50 мугалимге «Эл аралык компьютердик сабаттуулук» сертификаты салтанаттуу тапшырылды», - деди БАУнун коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Акылбек Чымырбаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up