Өкмөт мүчөлөрү кайсы университеттерде билим алышкан?

Билим АКИpress - Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн көпчүлүгү 2 же андан ашык жогорку билимдерге ээ.

Өкмөттүн бир катар өкүлдөрү экинчи билимдерин экономика, финансы же юриспруденция тармагында алышкан.

Билим АКИpress министрликтердин жетекчилери кайсы жогорку окуу жайларды бүтүп, кайсы кесипке ээ болгондугу тууралуу маалыматтарды топтоду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Мухаммедкалый Абылгазиев

- 1989-1994 — К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институту, адистиги: агрономия;

- 1994-1997 — Кыргызстандын эл аралык университети, адистиги: финансы жана кредит.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов

Кубатбек Боронов

- 1985-1991 — Фрунзе политехникалык институту, адистиги: инженер-куруучу;

- 2011 — Эл аралык башкаруу, укук финансы жана бизнес академиясы, адистиги: юриспруденция.


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков

Жениш Разаков

- 1990 — Маршал Д.Ф.Устинов атындагы Ленинград механикалык институтунун колдонмо механика жана автоматика факультети;

- 1997 — ИИМдин Республикалык окуу борбору;

- 2002 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юридикалык факультет (сырттан окуу бөлүмү).


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова

Алтынай Омурбекова

- 1990-1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, тарых факультети;

- 2000 — КМУУнун Магистратура жана аспирантура борбору, юриспруденция магистратурасынын академиялык даражасы ыйгарылган;

- 2003 — Лондондогу тил курстары.


Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров

Замирбек Аскаров

- 1994-1999 — Ош мамлекеттик университети, табигый-географиялык факультет, адистиги: педагог (артыкчылык диплом);

- Ош мамлекеттик университети, адистиги: экономист.


Өкмөттүк аппараттын жетекчиси — министр Самат Кылжыев

Самат Кылжыев

- 1991-1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, экономика жана менеджмент факультети, адистиги: экономист.


Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Чынгыз Айдарбеков

- 1994-1998 — Кыргызстандын эл аралык университети, адистиги: эл аралык мамилелер (бакалавр);

- 1999-2001 — Кыргызстандын эл аралык университети, «Эл аралык укук» адистиги боюнча магистрлик даражасы ыйгарылган;

- 2014-2017 — Кыргыз-Орус Славян университети, аспирантура.


Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Кашкар Жунушалиев

- 2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, адистиги: укук таануучу.


Юстиция министри Марат Жаманкулов

Марат Жаманкулов

- 2001 — Кыргыз-Орус Славян университети, юридикалык факультети, адистиги: юриспруденция;

- 2014 — КР президентине караштуу Башкаруу академиясы, «Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адам ресурстарын башкаруу» адистиги менен персонал башкаруу багыты боюнча магистратура.


Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Бактыгүл Жээнбаева

- 1977-1982 — Кыргыз улуттук университети, колдонмо математика, адистиги: математик;

- 1982-1984 — КУУ, өнөр жай иштетүүнү пландоо, адистиги: экономист;

- 2008 — Экономика илимдеринин кандидаты.


Экономика министри Санжар Муканбетов

Санжар Муканбетов

- 1989-1994 — Кыргыз техникалык университети, радиоинженер;

- 2000-2003 — Кыргыз улуттук университети, экономист.


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев

Эркинбек Чодуев

- 1987 — Фрунзе политехникалык институту, адистиги: инженер-куруучу (артыкчылык диплом);

- 1998 — Кыргыз мамлекеттик университети, адистиги: экономист (артыкчылык диплом);

- 2004 — Кыргыз мамлекеттик университети, адистиги: юрист (артыкчылык диплом).


Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов

Жанат Бейшенов

- 1993 — Кыргыз архитектуралык-курулуш институту, адистиги: инженер-куруучу, автоунаа жолдорун жана аэродромдорду куруу;

- 2000-2005 — Прага экономикалык университети (Чехия), докторант.


Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов

Нурболот Мирзахмедов

- 2004 — Жалал-Абад коммерциялык институту, финансы жана кредит, адистиги: экономист.


Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Гүлмира Кудайбердиева

- Орус тили жана адабияты педагогикалык институту;

- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, адистиги: юриспруденция.


Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Космосбек Чолпонбаев

- 1980-1985 — Алмата мамлекеттик медициналык институту, фармацевтикалык факультети, адистиги: фармация (артыкчылык диплом);

- 2007 — Дары технологиясы жана фармацевтикалык ишти уюштуруу адистиги боюнча фармацевтикалык илимдердин доктору. Доктордук диссертациянын темасы: «Заманбап этапта Кыргыз Республикасындагы фармацевтикалык ишмердүүлүктүн сапатын башкаруу негиздери»;

- 2011 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, адистиги: юрист;

- 2013 - «Фармация» адистиги боюнча профессор.


Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Азамат Жаманкулов

- 2005-2008 — Кыргыз-Түрк «Манас» университети, адистиги: уюмдардагы менеджмент;

- 2008-2011 -Кыргызстандын эл аралык университети, адистиги: финансы жана кредит.


Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров

Улукбек Кочкоров

- 1991-1995 — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, экономика факультети, адистиги: финансы жана кредит;

- 1997 — Генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы КР Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку курстары;

- 2003 - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юридикалык факультети, адистиги: укук таануучу;

- 2001 — Россия Федералдык коопсуздук кызматы академиясынын квалификацияны жогорулатуу курсу.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев

Орозбек Опумбаев

- Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, адистиги: экономика жана материалдык-техникалык жабдыктарды пландоо;

- Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, адистиги: юриспруденция.


Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев

Эрлис Тердикбаев

- 1986-1990 — Алмата жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайы;

- 2002-2004 — РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясы;

- 2013-2014 — РФ Куралдуу күчтөрүнүн аскердик академиясы.


Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов

Эмил Осмонбетов

- 1991 — Фрунзе политехникалык институту, адистиги: геологиялык съемка, пайдалуу кендердин чыккан жерин издөө жана чалгындоо;

- 2003 — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, адистиги: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.


Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев

Дастан Догоев

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Интеграция жана эл аралык билим берүү программалары институтундагы Кыргыз-Америка маалыматтык технологиялар жана интернет факультети;

- Кавэндиш Колледж Лондон (Улуу Британия), жогорку билими тууралуу Британия улуттук диплому — Edexcel Level 5 BTEC Higher National Diploma, Business Management;

- Бизнес жана юриспруденция мектеби, Кингстон Лондон университети (Улуу Британия), бакалавр (артыкчылык диплом) BA (Hons) Business Administration.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up