Базар-Коргондо жаш мугалимдер үчүн «Жайкы мектеп» семинары уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - 20-21-июль күндөрү Базар-Коргон районунда жайгашкан «Арстанбап-Ата» туристтик базасында жаш мугалимдердин «Жайкы мектеп-2019» аттуу окуу-семинары болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков маалымдады.

Иш-чара Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети, Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана «Академия Роста» интеллектуалдык өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштурулду.

«Окуу-семинардын максаты — билим берүү тармагына жаш педагогдорду тартуу, алардын кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү болуп саналат», - дейт профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акунов.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, билим берүү жана илим кызматкерлерин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, шаардык комитеттин жооптуу кызматкерлери, интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү, шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, Ноокен районунун жаштарынын өкүлү жана Жалал-Абад шаарындагы жаштар кеңешинин активисттери катышышты.

Иш-чаранын биринчи бөлүгү 20-июль күнү «Жаштар — профсоюздун келечеги» темасында болуп, жаштар кеңештеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Жалал-Абад обкомунун жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулайманов, Жалал-Абад шааркомунун жаштар кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков билдирүүлөрдү жасап, слайддар аркылуу маалымат беришти.

Интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун өкүлү У.Турсунбаев жаш мугалимдерди окуучулардын билим сапатын көтөрүүдөгү жаңы ыкмалар менен тааныштырды.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин усулчулары тарабынан усулдук материалдар берилип, кесиптик чыгармачылыкка багыт берилди. Катышуучулардын суроо, ой-пикир, сунуштары талкууланып, тийиштүү жооптор алынды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү 21-июль күнү маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков менен «Билим берүү тармагынын жаштары — коомду өзгөртүүчү күч» темасында баарлашуу болду. Министрдин орун басары жаштардын мамлекеттин өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымдары жана алдыдагы милдеттери тууралуу кеңири сүйлөдү. Жаштардын көйгөйлүү маселелерин угуп, сунуш-пикирлерди биргеликте талкуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up