Москва мамлекеттик университетинин филиалын Ошто ачуу пландалууда. Анда 3 факультет болот

Билим АКИpress - Москва мамлекеттик университетинин филиалын Ош шаарында ачуу пландалууда. Бул тууралуу ММУнун ректору Виктор Садовничий 6-августта видеоконференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, филиалды Ошто ачуу маселесин Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен бирге талкуулашкан. Филиалда 3 факультет болот: математика, геология жана орус тили.

Садовничий белгилеп өткөндөй, ММУ Кыргызстанга белгиленген талаптарды коёт — филиалдын окуу жайдын нормаларына жооп берген имараты, Россиядан келген окутуучулар үчүн турак жай болушу керек. Андан тышкары, белгиленген каражаттар бөлүнүп берилиши кажет.

«Филиалдагы кандайдыр бир өзгөчө предметтерден тышкаркы (мисалы Кыргызстандын тарыхы сыяктуу сабактар) бардык негизги предметтерди ММУнун окутуучулары өтөт», - деди ал.

ММУнун Кыргызстандагы филиалына Россиядан 100дөй окутуучу келери күтүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up