ММУнун Кыргызстандагы филиалына директор Москвадан дайындалат

Виктор Садовничий
Виктор Садовничий

Билим АКИpress - Москва мамлекеттик университетинин Кыргызстандагы филиалына директор Москвадан дайындалат. Директордун жардамчысы Кыргызстандан болот. Бул тууралуу ММУнун ректору Виктор Садовничий 6-августта видеоконференция учурунда айтты.

«Кыргызстандагы филиал Москва университетинин тутуму болуп эсептелет. Филиалдын имараты өлкөгө тиешелүү болот. Директору Москвадан дайындалат. Ал эми орун басары Кыргызстандан болуп, ал силердин министрлик жана уюмдар менен байланышты камсыз кылат. Ошентип, филиал Москва университетине баш иет», - деди Садовничий.

«Иш ордун директордун орун басары камсыздайт. Ал силердин органдар менен сүйлөшүп, силер бөлгөн каражаттарга жооп берет. Филиалдан Москвага бир да тыйын которулбайт. Филиалдын ишин Москвадан дайындалган директор жетектеп, ал ММУнун профессорлорунун бири болот», - деп кошумчалады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up