Канттагы бала бакчада Жол чырак күнү белгиленди

Билим АКИpress - Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы «Үмүт» бала бакчасында Жол чырак күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бала бакчадан билдиришти.

«Иш-чарага биздин бала бакчанын бардык тайпадагы тарбиялануучулары катышып, топторго бөлүнүп, күч сынашты. Аскер адамдары балдарга ар кандай оюн түрүндөгү сынактарды уюштуруп, жаш жеткинчектер жол чыракка байланыштуу суроолорго жооп берип, сүрөттөрдү да туура көрсөтүп жатышты. Балдарга жолдо жүрүү эрежелери, жол чырак жөнүндөгү маалыматтар берилди», - дешти бала бакчадан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up