Республикалык олимпиаданы 2 жолу жеңген Өмүрбек Азербайжанда коло медаль тагынды (сүрөт)

Өмүрбек Жамалов
Өмүрбек Жамалов
// АКИpress

Билим АКИpress - Азербайжандын Баку шаарында информатика боюнча өткөрүлгөн 31-дүйнөлүк олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Өмүрбек Жамалов коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган лицейден билдиришти.

Буга чейин Өмүрбек республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 1-орунду багындырып, дүйнөлүк олимпиадаларда да алдыңкы орундарды камсыздап келген. Казакстандагы эл аралык Жаутыков олимпиадасында 10-классында коло медаль, 11-класста күмүш медаль, Россиядан коло медаль, мектеп окуучуларынын евразиялык олимпиадасында күмүш медаль алып, Японияда өткөн дүйнөлүк олимпиададан байгелүү кайткан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up