Октябрдан баштап кайсы мугалимдердин айлыгы 30% жогорулайт?

Билим АКИpress - 2019-жылы билим берүү тармагына республикалык бюджеттен 29,3 млрд сом каралган. Алардын 74,8%ы (ЖОЖдор менен изилдөө институттарын эске албаганда) 120 миң мугалимдин эмгек акысына багытталууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-августта «Кыргызстан билим берүүсүнүн заманбап векторлору» педагогикалык кеңешмесинде билдиргендей, 1-октябрдан баштап мугалимдердин айлык акысы 30%га жогорулайт.

Айлык маянасы жогорулай турган мугалимдер:

- Жалпы билим берүү уюмдарындагы 77 миң 860 мугалим;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 7 миң 694 тарбиячы;

- кесиптик-техникалык окуу жайлардагы 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;

- орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги (орто окуу жайлар, колледждер) 7 миң 427 окутуучу;

- билим берүү тармагындагы 23 миң 339 кызматкер.

Эмгек акы фондусунда көрсөтүлгөн сумманын 69%ы педагогикалык персоналдарга жана 11,5%ы административдик-башкаруучулук персоналга (окуу-тарбия персоналы) төлөнөт.

Эмгек акынын жогорулашы төмөнкүдөй болот:

Уюмдун/кызматкердин аталышы

Билим деңгээли

Өкмөттүн токтомуна ылайык эмгек акынын азыркы көлөмү

Эмгек акы жогорулагандан кийин

Болжолдуу жогорулатуу

1 жумада 20 сааттык мектептик окуу жүктөмү бар мугалим

(1 саат үчүн төлөм)

атайын-орто

60

76,2

+ 3 094,20

бакалавр

67,5

85,7

+ 3 455,00

дипломдуу адис

67,5

95,25

+ 5 258,90

магистр

75

95,25

+ 3 815,80

1 жумада бала бакчада 36 сааттык окуу жүктөмү бар мугалим

(1 саат үчүн төлөм)

атайын-орто

57,6

73,2

+ 3 316,00

бакалавр

63

80,0

+ 3 609,10

дипломдуу адис

63

86,9

+ 5 069,10

магистр

68,4

86,9

+ 3 902,30

1 жумада мектеп-интернатта жана балдар үйүндө 30 сааттык окуу жүктөмү бар тарбиячы

(1 саат үчүн төлөм)


атайын-орто

61,75

78,4

+ 2 790,90

бакалавр

68,25

86,7

+ 3 056,20

дипломдуу адис

68,25

92,8

+ 4 076,90

магистр

73,1

92,8

+ 3 653,10

1 жумада мектептен сырткаркы билим берүү уюмдарында 20 сааттык окуу жүктөмү бар ийрим окутуучусу

(кызматтык үстөк)

атайын-орто

7500

9525,0

+ 2 881,80

бакалавр

8250

10477,5

+ 3 151,10

дипломдуу адис

8250

11430,0

+ 4 500,00

магистр

9000

11430,0

+ 3 420,40

1 жумада башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында 40 сааттык окуу жүктөмү бар өндүрүштүк окутуу мастери

(кызматтык үстөк)

атайын-орто

6750

8572,5

+ 2 612,60

бакалавр

7200

9144,0

+ 2 774,10

дипломдуу адис

7200

10477,5

+ 4 679,30

магистр

8250

10477,5

+ 3 151,10

Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдери

(кызмат акы)

атайын-орто

5000

6350,0

+ 1 984,20

бакалавр

5500

6985,0

+ 2 163,80

дипломдуу адис

5500

7620,0

+ 3 090,00

магистр

6000

7620,0

+ 2 343,30

Ошондой эле квалификацияны жогорулатуу борборлорунун, билим берү институттарынын, методкабинеттердин жана башка билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт.

Азыркы учурда педкызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу жөнүндө өкмөттүн чечиминин 1-октябрдан баштап ишке кире турган тиешелүү долбоору иштелип чыкты. Андан тышкары, чечимдин долбоорунда педагогикалык кызматкерлерге стимул берүүчү акы төлөө үчүн эмгек акынын түрткү берүүчү фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча методикалык сунуштамаларды караштыруу сунушталат.

Түрткү берүүчү акынын максаты — окуу-тарбиялоо процессинде натыйжалуулукту жогорулатууда мектеп кызматкерлеринин мотивациясын күчөтүү, чыгармачылык активдүүлүктү жана демилгелүүлүктү өнүктүрүү, жогорку квалификациялуу кызматкерлерди бекитүү жана мектептерге жаш адистерди тартуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up