Нарындагы искусство мектебине жаңы директор дайындалды

Талантбек Абыраев
Талантбек Абыраев

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин мүдүрү болуп Абыраев Талантбек Зарлыкович дайындалды. Бул тууралуу аталган мектептин эмгек жамааты аймактык кабарчыга билдиришти.

Т.Абыраев 1972-жылы Нарын районундагы Он-Арча айылында төрөлгөн. Кыргыз филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияны бүтүргөндөн кийин Нарын мамлекеттик университетинде музыка мугалими адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

1993-1994-жылдары Он-Арча айылык маданият үйүнүн башчысы, 1999-2012-жылдары Ж.Шералев мектебинде мугалим болуп эмгектенген. 2012-жылдан бери Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп келген.

Т.Абыраев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Келинчеги Астра Сураганова да кесиби боюнча мугалим.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up