Алайда жаңы окуу жылына мыкты даярданган мектептерге сыйлык тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Зулпукар Молошев, Ош билим берүү институтунун кыргыз тили жана адабияты кабинетинин башчысы Чынара Раимбекова, Алай районунун акими Замирбек Молдокулов катышышты.

Кеңешмеде Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер тууралуу маалымат жасады.

Райондун акими Замирбек Молдокулов мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан камкордуктар тууралуу айтып, мугалимдерге Билим берүү жана илим министрлигинин жана раймамадминистрациянын ардак грамоталарын тапшырды.

2019-2020-жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоодо мыкты жетишкендиктерге ээ болгон бир катар мектептерге 1000 сомдон 5000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Ушундай эле сыйлыктар райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да тапшырылды.

Алай районунда 54 мектеп болсо, анын ичинен бирөө менчик мектеп.

Конференциянын жүрүшүндө «Манас» жаштар уюму тарабынан концерттик программалар тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up