Жумгалда мугалимдердин август кеңешмеси өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районунда билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кеңешмеге Жумгал районунун акими Адыл Сапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева жана райондун аймагындагы орто мектептердин директорлору, мугалимдер катышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билим берүү тармагындагы жетишкендиктер менен аткарылып жаткан иштерге токтолду. Ошондой эле кемчиликтер менен көйгөйлөр да талкууланды.

Кеңешмеде маалым болгондой, район аймагында 24 мектеп жана 24 бала бакча бар. Бакчаларда 112 тарбиячы эмгектенет. Ошондой эле 57 тайпа түзүлүп, ага 2 миң 32 бала алынган. Мектепке чейинки 3 сааттык программа менен Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинен 50 бала Куйручук айылындагы А.Сулайманов орто мектебинен 50 бала, Байзак айылындагы А.Молдокеев мектебинен 150 бала, Түгөл-Сай айылындагы орто мектептен 50 бала, жалпы 300 бала билим алат.

Райондо жалпы 876 мугалим болсо, анын ичинен 744 мугалим аялдар. Ал эми эркек мугалимдердин саны — 132. Мунун ичинен жогорку билимдүүсү — 794, толук эмес жогорку билимдүү — 18, атайын орто билимдүү — 64, пенсия курагында — 141. Андан тышкары 3 жылга чейинки келишим менен 48 мугалим эмгектенишет.

Өткөн окуу жылында 2 миң 239 окуучу «4», 2001 окуучу «5» деген бааларга татыктуу болсо, жылдык билим сапат 49,3%ды түзгөн. Учурда райондо өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоодо турган 34 окуучу бар.

Быйылкы жылды райондук билим берүү бөлүмү Окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү жылы деп жарыялады.

Район боюнча жалпы 14 мектепте 1-4 класска чейинки окуучуларга ысык тамак берилсе, калган 10 мектепте токоч менен чай берилет. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен 6 мектеп иш алып барса, «Мерсико» уюму менен 4 мектеп кызматташат. Ата-энелердин көмөгү менен Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов орто мектебиндеги 254 окуучу ысык тамак менен камсыздалган.

Август кеңешмесинин жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн ишине канааттандырарлык деген баа берилип, билим сапатты жогорулатуу боюнча талаптар коюлуп, кемчиликтер жоюлсун деген тартипте резолюция кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up