Адабиятчы А.Акматалиевдин Ч.Айтматовго арналган ырлар жыйнагы түрк тилинде жарык көрдү

Билим АКИpress - Түрк дүйнөсүнө белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиевдин Элазык шаарындагы «Манас» басмасынан «Аалам кезип, Айтматовдон салам айт...» деген ырлар жыйнагы Калмамат Куламшаевдин котормосунда жарык көрдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Китептеги ыр саптардын бардыгы (150 бет) улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган.

А.Акматалиевдин ырларында жазуучунун адамгерчилик, кеңпейилдик, айкөлдүк, боорукерлик, даанышмандык ж.б. касиеттерин камтыган жаркын образы камтылган.

Жазуучу менен бирге автор бир нече жолу Түркияда ар кандай адабий-илимий жолугушууларда болгон.

А.Акматалиевдин «Айтматов дүйнөсү», «Кыргыз фольклору жана тарыхый инсандар», «Чагылган үндүү манасчы Айтматов» деген монографиялары жана ондогон макалалары түрк тилинде «Билге», «Билим», «Түрк тили жана адабияты» ж.б. журналдарда басылган. Ошондой эле ал Түркиядагы бир топ журналдардын редколлегия мүчөсү. «Манас» эпосу, Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Анкарада, Элазыкта, Стамбулда, Измирде түрк окумуштуулары менен бирдикте эл аралык конференцияларды уюштурган.

WhatsApp Image 2019-08-26 at 16.30.03 (1)

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up