Алай райондук билим берүү бөлүмүнө 62 жаштагы жетекчи келди

Мамашарип Мусаев
Мамашарип Мусаев
// АКИpress

Билим АКИpress - Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп 62 жаштагы Мамашарип Мусаев дайындалды. Бул тууралуу Алай раймамадминистрациясынан билдиришти.

М.Мусаев 2010-жылдан 2017-жылга чейин Алай районунун акиминин биринчи басары болуп эмгектенген. 2017-жылы өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп буга чейин Досманбет Жээнбеков эмгектенип келген. Ал ушул жылдын 6-февраль күнү өз арызынын негизинде иштен кеткен.

Мусаев Мамашарип Орозович 1957-жылдын 1-июлунда Алай районунун Мурдаш айылында туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку, үй-бүлөлүү.

1974-1979-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүрүп, физик-математик кесибине ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун 1979-1982-жылдары Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы «XVIII Партсъезд» атындагы мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

1982-1986-жылдары Гүлчөдөгү №22 кесиптик лицейинде физика жана электр техникасы сабагынан мугалим, 1986-1996-жылдары ушул эле кесиптик лицейдин директорунун окуу-тарбиялык иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1997-1998-жылдары ушул эле кесиптик лицейде өндүрүштүк окуунун мастери жана тарбиячысы, 1999-жылдан 2010-жылдын 20-апрелине чейин лицейдин директорунун өндүрүштүк окуу жана экономикалык ишмердүүлүк боюнча орун басары болуп эмгектенген.

2010-жылдын 22-апрелинен 2017-жылдын февраль айына чейин Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин биринчи орун басары кызматында эмгектенип келген.

М.Мусаев өзүнүн эмгек жолунда көптөгөн жетишкендиктерди жаратып, үзүрлүү эмгегинин натыйжасында 2002-жылы «Профессионалдык-техникалык билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн fрдак грамоталары менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up