Баткенде «Электрондук мектеп» долбоору ишке ашууда

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Баткен облусундагы мектептерди электрондук форматка өткөрүү максатында «Акылдуу мектеп жана смарт мугалим» долбоору иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган долбоор облус боюнча 58 мектепте жана 10 бала бакчада ишке киргизилди. Жалпысынан 1 миң 50дөн ашык мугалим ноутбук менен камсыз болуп, «Компетенттүү мугалим» курстарынан өтүштү.

«Электрондук мектепте» отчеттор, каттар, окуу программалары, мугалимдердин журналдары, чейректик баалар жана окуучулардын билим тарыхы электрондук форматта сакталат.

Мугалимдер билим берүүдө бирдиктүү программалар менен ыкчам иштешип, интернетке туташкан программалардын ичинде тайпалык иштерди жүргүзө алышат. Ата-энелер үйүндө отуруп, уюлдук телефонундагы тиркеме аркылуу балдарынын кандай билим алып жатканын биле алышат.

Буга чейин «Электрондук мектеп» долбоору пилоттук негизде «Семетей» лицейлеринде киргизилген. Мамлекеттик мектептер арасында Баткен облусунда биринчилерден болуп киргизилип, системалуу түрдө облустун бардык мектептерине жайылтылууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up