Август кеңешмеси: Баткен районунда мыкты билим берүү мекемелери жана мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен районунда «Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары» аталышында мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Баткен облусундагы өкүлү Гүлчехра Мадумарова, Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Ибраимов, акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова, облустук билим берүү усулдук борборунун директору Мээриниса Айжигитова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Олжобай Мажлимов, айыл өкмөт башчылары, мектептердин жана бала бакчалардын директорлору, мугалимдер катышышты.

Кеңешменин катышуучулары жылдын мыкты мугалимдеринин тажрыйбалары жайылтылган көргөзмөгө күбө болушту. Андан соң 2018-2019-окуу жылындагы аткарылган иштер каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө 2018-2019-окуу жылындагы мыкты мектептер менен бала бакчаларга сыйлыктар тапшырылды.

Мектептер арасында 3-орунду Муса Кадыр атындагы орто мектеби, 2-орунду Тургунбай Садыков атындагы орто мектеби жана 1-орунду Шарап Токсонов атындагы орто мектеби алышкан. Ал эми баш байгени Бакир Байзаков атындагы орто мектеби ээлеген.

«2019-жылдын мыкты бала бакчасы» кароо-сынагынын жыйынтыгында 3-орунду «Айданек» бала бакчасы, 2-орунду «Алтын балалык» бала бакчасы, 1-орунду «Нур-Периште» бала бакчасы камсыз кылышкан.

Ошондой эле билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарга татыктуу билим-тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар мугалимдер Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Мындан сырткары район аймагындагы 9 айыл өкмөт башчылары өз аймагындагы мектептерге жана бала бакчаларга колдоо көрсөтүү максатында акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Кеңешменин соңунда 2019-2020-жаңы окуу жылына милдеттер коюлуп, август кеңешмесинин резолюциясы кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up