Учурда 1 миң 497 бала бакчада 197 миң бала тарбияланууда, - билим берүү министри

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүн жыйынында жалпы билим берүү мекемелеринин 2019-2020-жылдагы жаңы окуу жылына карата даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мектепке чейин билим берүү менен камтуу 2012-жылга салыштырганда 11,5%га көбөйүп, 2019-жылы 26,2%га жогорулады. Башкача айтканда, 890 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 115 миң бала камтылса, бүгүнкү күндө салыштырмалуу 1 миң 497 бала бакчада 197 миң бала тарбияланууда.

«Министрликтин, Башкы прокуратура, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз менчиктештирилген 224 мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары кайтарылып алынды. Учурда 179 имарат бала бакча багытында пайдаланылууда. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына болгон жогорку муктаждыкты эске алуу менен «Ачык Өкмөт» программасынын алкагында Бишкек, Ош шаарындагы жана Чүй олусунун Ысык-Ата районундагы бала бакчаларга кезекке туруунун жаңы принциби «Электрондук кезек» долбоору balabakcha.edu.gov.kg платформасында пилоттук негизде киргизилди.

«Электрондук кезек» программасынын башкы максаты — мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда теңдикти жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, коррупцияны алдын алуу. 2018-жылдын февраль айынан баштап 2019-жылдын июль айына чейин жарандардан электрондук кезекке туруу боюнча 115 миң 500 арыз катталып, анын ичинен 48 миң 328 балага бакчадан орун берилди», - деп маалымдады министр.

Мындан тышкары, билим берүү менен камтуу 2012-жылдан баштап 2019-жылга чейин 255 миң 765 окуучуга жогорулады. Башкача айтканда, 2 миң 201 мектепте 1 млн 12 миң 303 бала окуса, бүгүнкү күндө салыштармалуу 2 миң 265 мектепте 1 млн 268 миң 068 бала окуп, тарбияланууда.

Балдардын билим алуусуна жана жалпы билим берүү мекемелерине киргизүүдө жеңилдетилген шарт түзүү, мектепке каттоодо ыңгайлуу иретти камсыздоо максатында 2019-жылдын 15-февралынан баштап Бишкек шаарында «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык система киргизилген.

2020-жылдын 15-февралынан баштап «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» программасын Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта жана башка шаарларда жайылтуу пландаштырылууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up