Чоң-Алай районунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Билим АКИpress - Чоң-Алай районунда билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы Нургүл Курбанбекова билдирди.

Анын айтымында, кеңешмеде райондун акими, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кесиптик кошуундун төрагасы ж.б. сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өткөн окуу жылындагы ийгиликтер, жаңы окуу жылында аткарыла турган иштер талкууланды. Ошондой эле педагогикалык кызматкерлерге ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Кеңешменин алкагында август секциялык иши да өткөрүлдү. Анда окуу-усулдук кабинетинин усулчулары тарабынан мугалимдер үчүн керектүү маалыматтар, программалар тууралуу айтылды», - деди Н.Курбанбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up