Август кеңешмеси: Аламүдүндөгү жаш мугалимдерге эстелик белектер тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районунда 28-августта «Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары» аталышында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу райондук усулдук бөлүмдүн башчысы Чолпон Тентимишева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кеңешмеге 37 мектептен жана 35 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен 320дан ашуун кызматкерлер катышты. Иш-чаранын алкагында 17 жаш мугалимге эстелик белектер тапшырылды.

«Кеңешмеде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Шеркулова 2018-2019-окуу жылында аткарган иштер боюнча анализ жана жаңы окуу жылына коюлган милдеттер жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле алдыңкы педагогикалык идеялар, билим берүүнүн жаңы технологиялары жөнүндө кеңири сөз жүрдү. Бул багытта Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясынын директору А.Өмүрова, Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинин директору Н.Жетмишбаева жана «Солнышко» бала бакчасынын усулчусу Е.Левченко өз ойлорун ортого салышты.

Кеңешменин катышуучулары районго келген 17 жаш мугалимди кол чабуулар менен тосуп алышып, аларга билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун Аламүдүн райондук комитети тарабынан даярдалган эстелик белектерди тапшырышты. Ошону менен бирге жаш мугалимдерге чыгармачылык ийгилик каалашты», - деди Ч.Тентимишева.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Волкова, райондун акими М.Саккараев жана облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси В.Эгембердиева билим берүү кызматкерлерин жаңы 2019-2020-окуу жылынын башталышы менен куттукташты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up