Чүй-Токмоктогу усулдук бирикмелерде билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй-Токмок район-шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Анда жаңы 2019-2020-окуу жылына карата уюштурулган усулдук бирикмелерде билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланды. Бул тууралуу Чүй-Токмок район-шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук бөлүмүнүн башчысы Халима Мадалинова аймактык кабарчыга айтып берди.

«2012-2020-жылдарда КРнын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы» 2012-жылы кабыл алынган. Демек, аны ишке ашыруунун жыйынтыктоочу мезгили — жаңы 2019-2020-окуу жылы. Ушул маанилүү учурду эске тутуу менен окуу-тарбиялоо мекемелеринде билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясынын багыттарын дагы бир ирет талкуулап, алдыбызга иш-мерчемдерди белгилеп жатабыз.

Усулдук бирикме — окуу-тарбия процессин оптималдаштыруунун, демократиялаштыруунун жана билим берүүнүн багыттарын аныктоонун негизги кыймылдаткыч күчү, локомотиви. Ошондон улам ар бир усулдук бирикме өз алдынча спецификалык өзгөчөлүккө ээ болуу менен максатына жетүүнүн үстүндө иш жүргүзүштү. Тактап айтканда, ой бөлүшүүнүн, пикир алышуунун сапаттуу натыйжалуулугун жараткан тегерек столдогу баарлашуу, түрдүү формадагы семинарлар, семинар-тренингдер предметтик секцияларда окутуунун алдынкы технологияларын колдонуу менен ишке ашырылды.

Негизгиси, ар бир иш-чарага илимий-усулдук баа берилип, мамлекеттик стандарттуулук, сапаттуу билимге жетүүнүн ыкчам жана натыйжалуу жолдору ачыкталды. Мындай аракеттер мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу менен адистик аброюн көтөрүүнүн булагы экени тастыкталды. Бул иш-чара педагогикалык тажрыйба алмашуунун, өз алдынча билимдерди өнүктүрүүнүн жана кесиптик квалификацияны көтөрүүнүн багыттарын камтыды», - деди Х.Мадалинова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up