«Эмгек сиңирген мугалим» жана «билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» наамынын ээлери кимдер? (тизме)

Билим АКИpress - Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам ыйгарылды:

- Атаева Сайрагүл Токтосуновна – Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясынын директору;

- Баялышова Сагынбүбү Кутманкуловна – Талас облусунун Манас районундагы «Бала-Саруу» жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими;

- Жумалиева Роза Бусурманкуловна – Бишкек шаарындагы Р.Шүкүрбеков атындагы №38 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын директору;

- Иманалиева Динар Капашовна – Бишкек шаарындагы Ж.Садыков атындагы №84 жалпы орто билим берүү мектебинин директору;

- Нефедова Ирина Васильевна – Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими;

- Осмонова Айна Мухитдиновна – Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология мугалими.

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды:

- Атышов Көбөгөн – М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин проректору;

- Ашимбаева Саламат – Ош шаарындагы «Бейби Лайф» билим берүү комплексинин директору;

- Базарова Лариса Алексеевна – Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын №5 балдар искусство мектебинин окутуучусу;

- Байсалов Жоомарт Усубакунович – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up