Август кеңешмеси: Кочкордо билим берүүдөгү жетишкендиктер айтылды

Билим АКИpress - Кочкор районунда 27-август күнү «Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары» аталышында агартуучулардын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кеңешмеге район акими Нурлан Керимкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Улан Өзүбеков, айыл өкмөт башчылары, мектеп мугалимдери жана бала бакчанын тарбиячылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүдөгү жетишкендиктер, көйгөйлөр талкууланды.

2018-2019-окуу жылында Кочкор районунан 34 окуучу облустук олимпиадага катышып, 2-орунду алышкан. Ал эми айрым мектептеги окуучулар райондун деңгээлинен чыга албай калышкан. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кочкор районундагы 3 мектепте жамааттын каржылоосу менен сайттар ачылып, өз ишин жүргүзө башташты.

Кум-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан айылда 60 орундуу бала бакча курулуп, октябрь айында ишке берилгени турат. Кочкор району боюнча 27 бала бакчада 2 миң 75 бала тарбияланууда. Теңдик айылындагы бала бакчага 58 миң сомго видеокөзөмөл орнотулду.

Кеңешменин катышуучулары ошондой эле бала бакчадагы жасалган иштер жана милдеттер, билим сапатын жогорулатуу, кылмыштуулукту алдын алуу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up