Ноокат району 2019-2020-окуу жылына даярданууда Ош боюнча алдыга чыкты

Билим АКИpress - Ош облусунда 29-август күнү билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, район башчылары, ардактуу жана жаш мугалимдер, ата-энелер комитети, облустун билим берүү кызматкерлери катышышты.

Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева өз баяндамасында өткөн жылдын жыйынтыгынын ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө сөз кылды.

«Билим берүүдө мамлекет түзүп жаткан шарттар жетиштүү эле болуп жатат. Мектеп, бала бакчалардын курулушу, санариптештирүүнүн алкагында мектептерди компьютерлештирүү иштери жакшы аткарылып жатат. Облус боюнча 352 бала бакча болсо, бүгүнкү күндө жеке менчик жана жаңы курулган бала бакчалар менен кошо 387ге жетти. Облус боюнча 58 мектеп жана 13 бала бакча бүгүнкү күндө авариялык абалда. Айрым мектептердин пайдубалы тургузулуп жатса, кээ бири колдонууга берилүү алдында турат. Шарт жана аракет болгону менен жыйынтык жок болуп жатат.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери формалдуу отчет берип жатышат. Облус боюнча билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер тарабынан көрсөтүлгөн билим сапаты 45,5%ды түзсө, Жалпы республикалык тестрлөөнүн, тесттик сыноолордун натыйжасы 26,4%ды түзгөн. Ошондой эле лицей, гимназиялар менен орто мектептердин айырмасы жок болууда. Англис тилин окутуунун пайыздык көрсөткүчү 0,2%ды түздү. Предметтик мугалимдер, айрыкча биология, математика мугалимдери максаттуу иш алып барышпаса болбойт», - деди Г.Турдубаева.

Ошондой эле жыйында 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак уюштурууда кээ бир мектептердин имаратында таза суунун жоктугунан уюмдар тарабынан колдоо таппай калганы да айтылды.

2019-2020-окуу жылына карата мыкты даярданган райондорго райондук билим берүү бөлүмдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү сыйлык тапшырышты:

- Баш байге — Ноокат району — 30 миң сом;

- 1-орун — Кара-Суу району — 25 миң сом;

- 2-орун — Кара-Кулжа, Алай райондору — 20 миң сом;

- 3-орун —Өзгөн, Чоң-Алай райондору —15 миң сом.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up