Август кеңешмеси: Чүйдөгү айрым агартуучуларга ардак грамоталар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - 29-августта Чүй облусунун билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Венера Эгембердиева аймактык кабарчыга билдирди.

Иш-чарага облус аймагындагы мугалимдер катышты. Анда билим берүүнүн заманбап багыттары талкууланып, сапаттуу билим берүүнүн механизмдери, окутуунун жаңы технологиялары, өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик стандарт жаатында ой-пикирлер айтылды.

«Чүйдөгү мугалимдердин август кеңешмеси облустук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Ага бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлери, ардагер, алдыңкы жана жаш мугалимдер катышышты.

Кеңешмеде облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн директору Р.Султанов «Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары» деген темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуу менен сапаттуулукту жакшыртуу, мугалимдерге коюлган коомдук талаптар, милдеттер, аны аткаруудагы иш-мерчемдер жаатында ой бөлүштү.

Сокулук районундагы «Ак Барчын» бала бакчасынын башчысы А.Бирназарова Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан актуалдуу маселелерди айтты. Учурда бала бакчада санариптик технологияларды өздөштүрүү, жайылтуу жагдайларын белгиледи. Өзү жетектеген «Ак Барчын» бала бакчасында интерактивдүү доска, ноутбуктар, түстүү проекторлор ж.б. орнотулганын айтып өттү. Ошондой эле бала бакча интернет байланышына туташтырылып, иш кагаздарын, бир топ ыкчам жана натыйжалуу иштерди жүргүзүүдө жакшы шарттарды жаратып жатканын белгиледи. Анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан жакындан жардам көрсөтүлүп жатканына токтолду.

Ошондой эле катышуучулар педагогикалык ой толгоолорун ортого салып, билим берүүнүн негизги багыттары ачыкталды.

Кеңешменин соңунда алдыңкы агартуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up