Киргшелк айылынын окуучулары Канттагы учак база менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облустук китепкананын кызматкерлери жана Киргшелк айылындагы орто мектептин окуучулары Кант шаарында жайгашкан аскердик учак базага экскурсия жасашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Окуучулар алгач аскердик бөлүктүн атактуу музейин көрүп чыгышты. Андан кийин казармага барып, аскерлердин жашоосу менен таанышты. Ошондой эле учкучтар аэродромдо аскердик куралдар менен тааныштырып, коноктор тик учактарга отуруп көрүштү.

Окуучулардын айтымында, алар үчүн бул күн Эгемендүүлүк күнүнө карата эң жакшы белек болуп калды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up