Мектептерди 20 жылдан бери башкарып келе жаткан директорлорду ротациялоо керек, - Оштун мэри

Таалайбек Сарыбашов
Таалайбек Сарыбашов

Билим АКИpress - Ош шаарындагы айрым мектептерди директорлор 20 жылдан бери башкарып келишет. Алар тез аранын ичинде ротацияланышы керек. Мындай пикирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мугалимдердин август кеңешмесинде билдирди.

«Сынды туура кабыл алып, жыйынтык чыгаргыла. Билим берүү тармагында Ош шаарынын жыйынтыгы мени канааттандырбайт. Жыйырма жылдай бир мектепте директор болуп отургандар бар. Мектеп менчигиңиздер эмес. Мектеп директорлорун, бала бакча башчыларын ротация жолу менен алмаштырып, иштеткиле. Жакшы иштебегендер кызматтан кетиши зарыл. Бизге билим берүүнүн сапаты керек, жыйынтыгы керек»,- деди мэр.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up