Ош шаарында алдыңкы билим берүү кызматкерлери жана жаш мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 30-август күнү Ош шаарында билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул кеңешмеде билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыктары, 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктери, ийгиликтери жана билим берүүнү санариптештирүү боюнча талкуу болду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, бала бакчалардын башчылары, тарбиячылар жана мектептердин директорлору, мугалимдери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө 3 мектепке интерактивдүү такта, 4 бала бакчага түстүү принтер тапшырылып, алдыңкы мугалимдер мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды. Мектептерге жаңыдан мугалим болуп барган жаш окутуучуларга жана Россиядан билим берүү максатында келген мугалимдерге белектер берилип, 20 ардагер мугалимге мэриянын атынан акчалай сыйлык тапшырылды.

Т.Сарыбашов билим берүү башкармалыгына мугалимдерди колдоо иретинде 100 миң сом каражат бөлүп бере турганын билдирди.

«2018-2019-окуу жылында Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин окуучулары ийгиликтерди жаратып, көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып, билим жагынан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышты. Быйылкы жылы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат. Ушул жылы мугалимдердин айлыгын 30%га көтөрүү маселесин чечтик, мектептерди оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 10 млн 900 сомго жакын акча бөлүп бердик. Биз билим берүү тармагына ар дайым колдоо көрсөтүп, жардам берип жатабыз», - деди ал.

Август кеңешмесинде жаңы окуу жылына карата даярдыктары эң мыкты деп табылган билим берүү мекемелерине баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up