Кара-Көл шаарында мыкты мектептерге жана мугалимдерге сыйлык берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында «Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары» деген темада билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү.

Иш-чарага Кара-Көл шаарынын вице-мэри Г.Сатарова, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, ШИИБдин башчысы А.Нусубалиев, шаардык кеңештин депутаттары Т.Каракожоев жана Ж.Жоробаев катышты.

Кеңешмеде шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. «Билим берүүнүн заманбап багыттары» деген темада окуу-усулдук кабинеттин башчысы А.Каракозуева баяндама жасады. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык педагогикалык форумга катышып келген Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору Г.Кокоева эл аралык форум жөнүндө маалымат берди.

«Билим берүүнү маалыматташтыруу» деген темада Корея мамлекетине барып келген Д.Калпакбаев сабакка пайдалануучу жаңы технологиялар жөнүндө айтып берди. Информатика мугалимдеринин экинчи республикалык слётуна катышып келген М.Калпакбаев слёт жөнүндө да айтты.

«Кара-Көл шаарында «Элдердин достугу — эл аралык окутуу» билим берүү комплекси ачылып жатат. Анын жетекчиси А.Эшназаров комплекстин шарттары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле мыкты мектептерге жана мугалимдерге ШБББ тарабынан ардак грамоталар берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up