Терең билим адамга кайрат-күч берет жана турмушун жеңилдетет, - президент С.Жээнбеков

Билим АКИpress - Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 2-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектеп» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышында айтты.

Мамлекет башчысы окуучуларды Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

«Россия менен бизди өзгөчө ишенимдүү мамилелер байланыштырып турат. Ал мамилелер тарыхый, салт болуп калган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген. Россия биздин жакын досубуз, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россия менен болгон байланыштарыбызды жогору баалайбыз», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Ал бүгүн ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.

Президент бул мектептин ачылышы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен жемиштүү ишинин көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

С.Жээнбеков мектептин педагогдор жамаатына жооптуу иште кайрат-күч, чыдамкайлык жана акылмандык, ал эми балдарга бекем ден соолук жана жакшы окууну каалады. Ал бул долбоорду ишке ашырууга катышкан бардык адамдарга ыраазылык билдирип, санариптештирүү доорунда ушул сыяктуу инновациялык мектептердин санын көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле «Газпромдун» биздин өлкөнүн экономикасына салган инвестициялык салымдардын көлөмү 35 миллиард сом болгонун эске салды.

Президент «Газпром — балдарга» программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында 9 ден соолукту чыңдоочу спорт комплекстерин курган компаниянын социалдык жоопкерчиликтүүлүгүн баса белгиледи.

«Газпром» жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун, Ленинград курчоосунун катышуучуларына, балдар үйлөрүнө, ооруканаларга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүдө. Бул максатта 400 млн сом калктын социалдык аярлуу катмарына бөлүнүүдө», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

«Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 орунга эсептелген.

Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган окуу бөлмөлөрү, административдик бөлмөлөр, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, чоң зал, спорттук зал жана бассейндерди камтыйт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up