Алгачкы коңгуроо: Ак-Талаада 678 окуучу 1-класска кабыл алынды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда алгачкы коңгуроо салтанаты белгиленип, 1-класска 678 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

2-сентябрь күнү Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 орто мектепте алгачкы коңгуроо аземи белгиленип, ага ар бир айылга өкүл катары дайындалган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Салтанаттын жүрүшүндө мектеп босогосун жаңы аттаган окуучуларга, мугалимдерге куттуктоолор айтылды.

Ал эми акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектептин алгачкы коңгуроо аземине катышты. Аземдин жүрүшүндө А.Сулайманов, мектеп директору Астра Токтогулова, ардагер мугалимдер жана ата-энелер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Ошондой эле мектеп босогосун жаңы аттаган окуучулар коңгуроо кагышып, андан соң ата-энелеринин коштоосунда класска кирип, партага отурушту.

Ошондой эле билим берүүгө жана мектепти оңдоп-түздөөгө көмөк көрсөткөн ата-энелерге мектептин ыраазычылык каты ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up