Ак-Чий айылындагы бала бакчага 10 миң сомдун оюнчуктар берилди

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы «Нур-Эл» бала бакчасына 10 миң сомдук оюнчуктар тапшырылды. Бул тууралуу аталган бала бакчадан маалымдашты.

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Билим күнүнүн урматына аталган бала бакчага жеке ишкер Мирбек Райымов 10 миң сомдук оюнчуктарды тартуулаган. Белек тапшыруу аземине айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов, жергиликтүү тургундар жана бала бакчанын эмгек жамааты катышты. Алар М.Райымовго белектер үчүн ыраазычылык айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up