Алгачкы коңгуроо: Аламүдүндөгү электрондук китепкана менен жабдылган мектеп 124 окуучуну 1-класска кабыл алды

// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн К.Табалдиев атындагы орто мектеп электрондук китепкана менен жабдылган. Анда жаңы 2019-2020-окуу жылында 53 мугалим эмгектенип, 1 миң 54 окуучуга билим-тарбия беришет. Бул тууралуу мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Касипа Бикиева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жакында болуп өткөн билим берүү кызматкерлеринин райондук, облустук жана республикалык август кеңешмелеринде талкууланган билим берүүнүн заманбап багыттары эске алынып, окуу процесси жүргүзүлөт.

«Биздин мектепте билим берүүнүн мыктысы болгон 14 мугалим. Алар жаш мугалимдерге насаатчы болуу менен окутуунун жаңы технологияларын эффективдүү пайдаланышат. Андан үлгү алган мугалимдер электрондук китепкана менен иштөөнүн артыкчылыгын мугалимдерге, ата-энелерге айтып келишет. Дал ушундай багыттарга умтулган мектебибизге 1-класска 124 окуучу келди. Алар кыргыз, орус тилдеринде билим алышат.

Салтанаттуу линейкада алгачкы коңгуроо кагылып, мектеп босогосун аттаган 1-класстын окуучуларын кол чабуулар менен тосуп алдык. Мектеп директору А.Абдракманова, Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси В.Эгембердиева, райБББнүн жетектөөчү адиси М.Узденова, Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу А.Кулназарова конокторду жаңы окуу жылы менен куттукташты.

Салтанаттуу жыйындан соң окуучулар, ата-энелер мектеп менен таанышты. Ошондой эле билгиленген тематикада алгачкы сабактар өтүлдү», - деп айтып берди К.Бикиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up