Алгачкы коңгуроо: Алай районунун акими Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиянын салтанатына катышты

Билим АКИpress - Алай районундагы 53 мектепте Билим күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ушундай салтанаттардын бири райондогу орус тилдүү Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназияда өттү.

Салтанатка Алай районунун акими Замирбек Молдокулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Мурзалиев, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Салтанатты аталган мектептин директору Мухаммед Асанов ачып, окуучуларды майрамы менен куттуктады.

Район акими З.Молдокулов келечек муундардын сапаттуу билим алышы үчүн бул мектепте материалдык-техникалык база жетиштүү экенин баса белгиледи. Андыктан кесипкөй чыгармачыл мугалимдердин катары көбөйүшү керектигин айтып, иштерине ийгилик каалады.

Андан соң 1-класска кабыл алынган балдардын парады өтүп, алар асманга шарларын учурушту. Ошондой эле окуучулардын концерттик программасы тартууланды.

Район жетекчиси мектептин материалдык-техникалык базасын көрүп чыгып, окутуунун заманбап ыкмасын колдонгон мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Алай районундагы 14 миң 775тен ашуун окуучуга 1 миң 800дөн ашык мугалим таалим-тарбия беришет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up