Кочкордогу мектептерде Билим күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы мектептерде Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейкалар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева, Ак-Жар жана Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептеринде маалымат берүүчү сайттар ачылган. Ата-энелер балдарынын окуудагы жетишкендиктерин билип туруу максатында «Электрондук күндөлүк» долбоору ишке киргизилип, райондогу 10 мектеп пилоттук катары сунушталууда.

Кочкор районундагы 33 орто мектепте 13 миң 664 окуучу билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up