Вице-премьер А.Өмүрбекова Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин ачылышына катышты

Билим АКИpress - Билим берүү — өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги ресурс. Билим берүү тармагына салынган инвестиция дайыма өзүн актайт жана биз каалагандай натыйжа берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин ачылыш аземинде билдирди.

Билим күнүнө карата майрамдык иш-чарага катышкан вице-премьер-министр окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

«Заманбап дүйнө — бул бизден жаңы билим менен көндүмдөрдү талап кылган инновациялык технология, глобалдык илимий ачылыш. Биздин балдар эл аралык рынокто туруштук бере ала тургандай билимдүү, тарбиялуу жана креативдүү болушу керек. Өкмөттүн негизги милдети — бул өсүп келе жаткан муунга замандын талаптарына жооп бере турган татыктуу жана сапаттуу билим берүү», - деди ал.

«Республика боюнча жаңы мектептер курулуп, учурдагы мектеп имараттарында оңдоо иштери жүрүүдө. 2019-жылдын 1-октябрына карата билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын 30% жогорулатып жатабыз. Санариптештирүү, мектептерди интернет байланышына кошуу, билим берүү процессине инновацияларды киргизүү иштери жасалып жатат. Бул чаралардын баары балдар сапаттуу билим алуусу үчүн мектептерде бардык шарттарды түзүүгө багытталган», - деп кошумчалады А.Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр балдарды билим алууга, амбициялуу жана эмгекчил болууга, ал эми мугалимдерди жана ата-энелерди окуу жана дүйнө таануу жеңил, кызыктуу болушу үчүн балдарды камкордук, мээрим жана сүйүү менен курчоого чакырды.

Норус айылында 160 орунга эсептелген орто мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Билим берүү мекемесин курууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up