Кочкордогу Н.Жүндүбаева мектеп-гимназиясы электрондук журнал жана электрондук күндөлүккө өтүүдө

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева мектеп-гимназиясы электрондук журнал жана электрондук күндөлүккө өтүү алдында турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектеп-гимназиянын информатика мугалими Үмүт Абдраимова билдирди.

Анын айтымында, мектеп-гимназияда Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка өттү. Анда мектеп директору Тынчтыкбек Турсуналиев окуучуларды жана мугалимдерди майрамы менен куттуктап, мектептин ийгиликтери тууралуу айтты.

«Мектеп интернет байланышына кошулуп, информатика сабагы боюнча тестирлөө борбору, мугалимдер үчүн мультимедиялык кабинет ачылды. Ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата «Электрондук журнал» жана «Электрондук күндөлүк» долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында ар бир окуучунун алган баасы ата-энесине жеткиликтүү болот», - деди Т.Турсуналиев.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, алгачкы коңгуроо кагылды. Салтанаттын соңунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.

Жаңы окуу жылынын алгачкы тарбиялык сааты Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналды», - деди Ү.Абдраимова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up