Жаңы окуу жылында Баткенде 4 мектеп пайдаланууга берилди

Билим АКИpress - Жаңы окуу жылында Баткен облусунда 4 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул мектептердин үчөө Кадамжай районунда ачылса, бирөө — Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы 275 окуучуга ылайыкташкан Исфайрам орто мектеби. Облуста дагы 17 мектептин имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Билим күнүндө 235 билим уясы окуучуларды кабыл алып, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына байланыштуу окуучуларга «Компьютер – менин досум» деген темадагы алгачкы сабак өткөрүлдү.

Облус боюнча 14 миңге жакын окуучу 1-класска кабыл алынган. Ал эми Баткен шаарындагы 9 мектепке 2,5 миңге жакын окуучу башталгыч класстарга кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up